Россиянын Байкал көлү аймагында кышкы туристтик сапар трагедия менен аяктады. Иркутск облусу боюнча Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгы билдиргендей, чет элдик туристтер бараткан унаа муз үстүндө бара жатып жаракага түшүп, оодарылып кеткен.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, унаада Кытайдан келген 10 турист болгон. Алардын арасында Тайвандан келген бир жаран да бар экени айтылууда. Кырсыктын кесепетинен 75 жаштагы турист айым каза болгон. Калган туристтердин абалы тууралуу азырынча расмий маалымат жок.
Окуя Байкал көлүнүн үстүндө уюштурулган кышкы экскурсия учурунда болгон. Кыш мезгилинде Байкалга барган туристтер үчүн муз үстүндө автоунаа менен жүрүү өзгөчө тажрыйба катары сунушталат. Бирок адистер мындай маршруттар коопсуздук эрежелери так сакталган учурда гана коопсуз болоорун эскертишет. Муздун калыңдыгы аба ырайына жана температуранын өзгөрүшүнө жараша тез өзгөрүп кетиши мүмкүн.
Адистер туристтерге лицензиясы бар туроператорлорду тандап, маршруттун коопсуздугу жана гиддердин тажрыйбасы тууралуу алдын ала так маалымат алууну сунушташат. Ошондой эле аба ырайынын кескин өзгөрүшү мүмкүн экенин эске алуу зарыл.
Тергөө иштери уланууда. Окуянын так себептери жана башка туристтердин абалы боюнча расмий маалыматтар кошумча жарыяланары күтүлүүдө.


