Кыргызстандын жарандык авиациясында жаңы баскыч башталууда. «Кыргызстан аэропорттору» ААК жана мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы эл аралык каттамдарды аткаруу үчүн сатып алына турган Airbus A321 учактарынын жаңы фирмалык дизайнын коомчулукка тааныштырды.
Компаниянын маалыматына ылайык, учактардын сырткы көрүнүшү авиакомпаниянын заманбап багытын, улуттук өзгөчөлүгүн жана эл аралык авиация рыногуна чыгууга болгон стратегиялык максаттарын чагылдырат. Дизайнда асман темасы, алдыга умтулуу жана Кыргызстандын дүйнө менен байланышын символдоштурган элементтер колдонулган.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов белгилегендей, жаңы дизайндагы Airbus A321 учактарынын ишке кириши өлкөнүн жарандык авиациясынын тарыхындагы маанилүү окуя болуп саналат.
Анын айтымында, Airbus A321 — алыскы каттамдарга ылайыктуу, ыңгайлуулугу жана ишенимдүүлүгү менен айырмаланган заманбап учак. Ал эми фирмалык дизайн — бул эл аралык аэропорттордо Кыргызстандын визуалдык образы, өлкөнүн асмандагы жүзү.
Эксперттердин баамында, учактардын сырткы көрүнүшү авиакомпаниянын таанымалдуулугуна түз таасир этет. Эл аралык каттамдарда учактын дизайны өлкөнүн имиджинин бир бөлүгү катары кабыл алынат. Бул жагынан алганда Asman Airlines улуттук символдорду заманбап авиациялык эстетика менен айкалыштырууга умтулган.
Белгиленгендей, Airbus A321 учактарын сатып алуу жана эл аралык каттамдарды кеңейтүү жүргүнчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө, ишкердик байланыштарды күчөтүүгө жана Кыргызстандын аймактагы заманбап авиациялык держава катары аброюн бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Sorry, no posts matched your criteria.