tt ads

Кыргызстанда алдыдагы Көчмөндөр оюндарына даярдык иштери активдүү жүрүп жатат. Бул алкакта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды.

Сапардын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жыйын өткөрүп, Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана уюштуруу иштерин талкуулады. Жыйында ат майдандын инфраструктурасын жаңылоо, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыктуу шарттарды түзүү жана логистикалык маселелер өзгөчө көңүл борборунда болду.

Вице-премьер ипподромдун аянтын жеринен көрүп чыгып, негизги зоналарды аныктоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Анын айтымында, даярдык иштеринде катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугу биринчи орунда турушу керек. Ошондой эле көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, отургучтар, кирип-чыгуу жолдору жана санитардык талаптар эске алынышы зарыл экендиги белгиленди.

Иш сапардын жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга даярдык иштерин ыкчам координациялоо жана бардык долбоорлордун белгиленген мөөнөттө аткарылышын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын улуттук маданиятын, көчмөн цивилизациясынын мурасын жана этноспорт түрлөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга багытталган ири иш-чара болуп саналат. Ошондуктан Чолпон-Атадагы ат майдандын жаңыланышы спорттук гана эмес, туристтик жана имидждик мааниге да ээ экени белгиленүүдө.

tt ads

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *