tt ads

Сот практикасы авиакомпаниялар менен жүргүнчүлөр ортосундагы талаштарда барган сайын жүргүнчүлөрдүн пайдасына чечилип жатканын көрсөтүүдө. Жакында Россияда каралган бир иш Кыргызстандык туристтер үчүн да маанилүү прецедент боло алат. Санкт-Петербург шаарынан болгон үч турист Түркиянын Pegasus Airlines авиакомпаниясына каршы сотто утуп чыгып, жалпысынан дээрлик 1 миллион рубль компенсация алышты.

Окуя Даламан – Стамбул – Санкт-Петербург багыты боюнча кадимки эле эл аралык каттамдан башталган. Туристтер билеттерин алдын ала сатып алышып, аэропортко өз убагында келип, каттоодон өтүп, отургузуу талондорун да алышкан. Бирок учакка отургузуу маалында авиакомпания өкүлдөрү алардын брондоосу жокко чыгарылганын билдирип, эч кандай расмий түшүндүрмө бербестен рейске киргизбей коюшкан.

Кийинчерээк авиакомпания кошумча жүк үчүн төлөм жүргүзүүдө «алдамчылыкка шек бар» деген жүйөнү келтирген. Бирок сот мындай себептер жүргүнчүнү ташуудан бир тараптуу баш тартууга негиз боло албай турганын белгиледи. Айрыкча жүргүнчүлөр алдын ала эскертүүсүз калтырылганы мыйзам бузуу катары бааланды.

Соттун чечими менен авиакомпания туристтерге билеттин толук наркын, кечиктирүү үчүн неустойканы, айып пулду жана моралдык зыяндын компенсациясын төлөөгө милдеттендирилди. Жалпы сумма дээрлик 1 миллион рублга жетти.

Кыргыстандык туристтер үчүн бул окуя маанилүү сабак болуп саналат. Түркия, Европа же башка багыттарга учууда, авиакомпаниянын ички эрежелери эл аралык жана улуттук мыйзамдардан жогору тура албайт. Эгер жүргүнчү бардык талаптарды аткарса, билет сатып алып, каттоодон өтсө, авиакомпания аны негизсиз рейстен четтетүүгө укуксуз.

Адистердин айтымында, акыркы жылдары соттор жүргүнчүлөрдүн укугун активдүү коргоп жатат. Бул Кыргызстандан учуп чыккан же транзит аркылуу саякаттаган туристтер үчүн да укуктук коргонуу механизмдери бар экенин көрсөтөт.

tt ads

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *